Бүгүн Техаста АКШ президенти Жорж Буш менен Мексика президенти Висенте Фокстун сүйлөшүүсү башталат. Висенте Фокс Жорж Буштун Техастагы ранчосуна кечээ келген. Расмий маалыматка караганда, эки президент бул ирет Иракта жагдайды жөнгө салууга, иммиграцияга, өлүм жазасына, сууга жана соодага байланышкан эки өлкө ортосундагы олуттуу маселелерди талкуулашат. Мексика менен АКШ ортосундагы дипломатиялык мамиле 11-сентябрдагы террактан кийин салкындап кеткен. АКШ ошондон бери коопсуздукка байланыштырып, чекарада көзөмөлдү күчөтүп келатат. Мексика болсо Иракка каршы согушту колдоодон баш тарткан.