Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:44

Эл аралык аялдар күнүнө карата Ошто салтанаттуу жыйын болуп өттү


ОШ. Салтанатка негизинен Ош облусуна караштуу район, шаарлардын жигердүү айымдары чакырылган. Облус губернатору Накен Касиев өз баяндамасында айрыкча жеке жана жамааттык чарбаларда, өкмөттүк эмес уюмдарда, ошондой эле агартуу, медицина тармактарында ишкердүүлүгүн көрсөтүшкөн айымдардын баа жеткис эмгектерине ыраазычылык билдирип, алардын бир тобун облмамакимчиликтин ардак грамотасы жана баалуу сыйлыктары менен сыйлады. Милициянын генералы Мырзалы Абдырахманов, Орусиянын Оштогу генконсулу Юрий Иванов жана башкалар алыс жактан келген айымдарга кызуу куттук сөз айтышты. Өзгөчө мектепке чейинки жана мектеп жашындагы балдардын энелерге арнаган ыр-бийлери залда бир топ жанданууну пайда кылды. Оштогу көрүнүктүү ырчы, композиторлор Ибрагим Жунусов, Исрадин Аманбаев, «Мырзалар» тобу, «Кыз бурак» ансамбли өз өнөрлөрү менен майрамдык салтанатты жогорку деңгээлге көтөрдү. Ош облусунун жалпы калкынын 52, 2 пайызын аялдар түзөт.

XS
SM
MD
LG