Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:21

Венесуэлада нааразылык чаралары улантылууда


Кечээ Венесуэланын борбору Каракас шаарында президент Уго Чавестин саясатына каршы демонстрация өттү. Нааразылык акциясына катышкан 200 миңге жакын киши мамлекет башчынын кызматтан чегинүүсүн талап кылып, бул маселе боюнча референдум өткөрүүгө үндөштү. Жакында өлкөнүн шайлоо комиссиясы оппозиция референдум өткөрүү үчүн керектүү сандагы кол топтой алган жок деп билдирген эле. Өткөн жуманын ичинде Каракаста демонстранттар менен полициянын кагылышууларынан кеминде 8 киши набыт болду.
Чавестин оппоненттери аны өлкөнү диктатордук ыкма менен башкарып жаткандыгы үчүн айыпташууда. Чавестин кызмат мөөнөтү 2007-жылы соңуна чыгууга тийиш.

XS
SM
MD
LG