Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:27

Жакынкы Чыгышта зомбулук улантылууда


Израил армиясы бүгүн эртең менен Газа тилкесиндеги качкындар лагерлеринде өткөргөн рейддин натыйжасында палестиналык 14 киши набыт болду, 80ден ашуун адам жаракат алды.
Жөөт аскерлери ал-Бурейжи жана Нусейрат лагерлеринде куралдуу каршылык көрсөтүүгө туш болгондон соң, ок ачышкан. Палестинанын “Хамас” радикалдуу тобунун өкүлү кагылышта топтун 9 мүчөсү окко учканын билдирди. Дарыгерлердин маалыматтарына ылайык, өлгөндөрдүн арасында үч өспүрүм да бар. Палестин автономиясынын лидери Ясир Арафаттын кеңешчиси Набил Аби Рдайнех бүгүн эл аралык коомчулукка кайрылып, Израилдин палестиндерге каршы чараларын токтотууга чакырды:

- Мындай саясат зомбулуктун, туруксуздуктун күчөшүнө гана алып келет. Биз төртилтикке жана Коопсуздук кеңешине кайрылып, Израилдин аргессиясын токтотуу үчүн шашылыш чара көрүүгө үндөйбүз.

Жөөт армиясы ушул эле күнү билдирүү жасап, бүгүнкү рейд Израилге каршы чабуулдарды алдын алууну көздөгөн деп ырастады.
“Ал Аксанын азаптуулары” деген уюм болсо Израилдин бүгүнкү аскердик чарасы үчүн өч алууга сөз берди.

XS
SM
MD
LG