Бүгүн Ирактын мунай министри тармак боюнча өткөрүлө турган эл аралык конференция мурда болжолдонгондон кийинчерээк өткөрүлмөй болду деп билдирди.
Анын себептери айтылган жок. Министрликтин басма сөз өкүлү Асем Жихаддын ырастоосунда, “Мунай жана газ боюнча эл аралык конференция” 18-19-апрель күндөрү Басра шаарында өтөт.
Жыйын өлкөнүн согуштан кыйраган мунай тармагын калыбына келтирүү, аны каржылоонун мүмкүнчүлүктөрү жана чет өлкөлүк компанияларды бул ишке тартуу өңдүү маселелерди талкуулайт.
Ушу тапта Ирак күнүнө 2,2 миллион баррель мунай өндүрөт. Согушка чейин бул көрсөткүч 2,8 миллион баррелди түзчү.