Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Сентябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:08

Гаитиде испаниялык журналист окко учту

Гаитинин борбору Порт-а-Принсте кечээ миңдеген киши президент Жан-Бертранд Аристиддин бийликтен кетишин майрамдап жатканда белгисиз бирөөлөр ок ачып, 5 киши набыт болду. Алардын арасында Испаниянын Антенна-3 телеканалынын кабарчысы Ричард Ортегадан тышкары, АКШнын Флорида штатында чыгуучу гезиттин кабарчысы да бар экендиги кабарланып жатат.

Атышуу болгон жерге америкалык жана франциялык аскерлер жайгаштырылды.
XS
SM
MD
LG