Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:16

Грециядагы шайлоодо социалисттер жеңилгенин моюнга алышты


Грек социалисттеринин жетекчиси Георг Папандреу кечээки жалпы шайлоолордо консерваторлордун Костас Караманлис баштаган "Жаңы Демократия" партиясы алга озуп чыкканын бышыктады.

Грециянын Социалисттик партиясы акыркы 22 жылда 19 жыл бийликте турду. Өткөн түнү сүйлөгөн сөзүндө Караманлис анын консервативдүү партиясы быйыл Афинада өтө турган Олимпиада оюндарынын ийгилиги үчүн колдон келгенин жасаарын билдирди.

XS
SM
MD
LG