Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:00

ЮСАИДдин программасы Баткен облусунда


БАТКЕН. АКШнын ЮСАИД агенттигинин «Борбор Азияда спортту жана ден соолукту үгүттөө» программасы Баткен облусунда да иш жүргүзүүдө. Программанын алкагында Баткен районунун Карабак айылындагы Ботонарматов атындагы орто мектепте 23-февралдан 7-мартка дейре эки жумалык кичи көчмө жыйыны өткөрүлдү. Бул иш чарага 650 окуучу катышып, алар спорттук оюндар менен гана алектенбестен, жашоонун сергек мүнөзү, чыр-чатактарды алдын алуу жана толерантуулукка тарбиялоо боюнча бир канча окуулардан өтүштү. Мындан сырткары мектептер керектүү спорттук буюм-тайымдар камсыздалып, окуучуларга спорттук бут киймдер берилди. Бул иш чараны өткөрүү үчүн Карабак айылынын Тажикстан менен чектеш жайгашуусу жана айылда тубаса майып балдардын көп төрөлүшү, мындан сырткары ич келте сыяктуу жугуштуу оорулардын көп чыгып жатышы себеп болгон. Бул тууралуу маалымат аталган программанын Баткен району боюнча координатору Сааталы Топчуевден алынды.

Жаңылыктар түрмөгүн Айданбек Акмат уулу, Азиза Турдуева жана дубандардагы кабарчылар даярдашты.

Редактор – Кубат Оторбаев.

XS
SM
MD
LG