Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:37

Жалалабадда БУУнун программасынын орду чоң


ЖАЛАЛАБАД. Бириккен улуттар уюмунун өнүктүрүү программасы Жалалабад облусунда социалдык маселелерди чечүүгө багытталган долбоорду турмушка ашырууда. Жергиликтүү калктын демилгесин ойготкон долбоор Сузак районундагы он айыл өкмөтүндө окууларды өткөрдү. Социалдык шарттарды жергиликтүү бийлик жана коомчулуктун каржылык колдоосу, ошондой эле БУУӨПнын гранттары менен жакшыртса болоору элге түшүндүрүлдү. Долбоор буга чейин 38 миң 360 кожолугу бар 4 айыл өкмөттө 10 мектеп менен 5 оорукананы капиталдык жактан оңдоого үлүш кошту. 4 айылда жол жана көпүрө салынып, 1400 метр суу түтүгү курулду.

XS
SM
MD
LG