БИШКЕК. 25-28-март күндөрү Ош шаарында коррупцияга каршы күрөшүүгө байланыштуу маселелер талкуулана турган эларалык конференция өтөт. Жыйынга Борбор Азия өлкөлөрүнүн бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү, Балтика республикаларынын көз карандысыз эксперттери катышат. Конференцияда Борбор Азия республикаларында коррупциянын, паракорлуктун өнүгүшүнө бөгөт койуунун жолдору жана бул иш-аракеттерге атуулдук коомдун өкүлдөрүнүн катышуусун активдештирүү маселелери талкууланат. Бул тууралуу бүгүн «Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунан «Азаттыкка» маалымдашты.