БИШКЕК. 9-мартта Мыйзам чыгаруу жыйынынын коопсуздук комитети кыргыз-казак мамлекеттик чегарасы тууралуу келишимди ратификациялоо маселесин карайт. Комитеттин элегинен кийин келишим палатанын кароосуна коюлмакчы. Эки өлкөнүн президенттери 2001-жылдын 15-декабрында Астанада Кыргызстан менен Казакстандын мамлекеттик чегарасы тууралуу келишимге кол койгон. Казакстан парламенти ал келишимди буга чейин ратификациялаган. Кыргыз тараптан ратификациялоонун кечиктирилишин коопсуздук комитетинин төрагасы Исмаил Исаков тийиштүү документтердин өкмөт тарабынан кечиктирилип берилиши менен түшүндүргөн. Исмаил Исаковдун айтымында, бир катар депутаттар Талас жана Чүй облусунун аймагынан үч участоктун коңшу мамлекетке берилишине каршы чыгышкан.