Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:53

Укук коргоочулар менен адвокаттар мониторинг жүргүзүшүүдө


БИШКЕК. Учурда Кыргызстандагы бир катар адвокаттар менен укук коргоочулар сот жараяндарына катышып, мониторинг жүргүзүшүүдө. Мындай иш-чара "Америкалык юристтер" ассоциациясы тарабынан жүргүзүлүп жаткан өлкөдөгү сот системасындагы мониторингдин алкагында өткөрүлүүдө. 15 укук коргоочу жана адвокат жер-жерлерде сот жараяндарына катышып, соттук териштирүүдө мыйзамдуулуктун, айыпталуучунун, адвокаттардын укуктарынын сакталышына, сот тарабынан кабыл алынган чечимдердин адилеттиги боюнча байкоо иштерин жүргүзүүдө. Соттук териштирүүлөргө катышып жаткан укук коргоочулар маалымдашкандай, сот жараяндарында айыпталып жаткан тараптын укуктары бузулган учурлар көп кездешүүдө. Алардын байкоосунда айрым судьялар тарабынан айыпталуучуга карата мыйзамсыз чечимдер кабыл алынган учурлар да жок эмес. Соттук териштирүүлөргө мониторинг жүргүзүү июнь айында аяктайт.

XS
SM
MD
LG