8-март - аялдардын эл аралык күнү. Бириккен улуттар уюму бул күндү СПИД дартын өнүктүрүүчү ВИЧ-инфекциясынын жайылуусуна каршы күрөшүүгө жетерлик көңүл бөлүүгө дүйнө коомчулугун чакыруу үчүн пайдаланмакчы. Уюмдун маалыматы боюнча, 2003-жылы ВИЧ-вирусу жуккан кеселдердин жарымынан көбү аялдар болушкан. Буга чейин ВИЧ жуккан адамдар негизинен эркек таналар болушчу.
Эл аралык мунапыс уюмунун башкатчысы Ирене Хан айым 8-мартта аялдарды кемсинтип-кордоого каршы өнөктүк башталганын жарыя кылды:
- Аялдарга зобун көрсөтүү тийиштүү жазасын албаганы, аларга зордук көрсөтүүгө негиз болууда. Ошон үчүн бул проблемага каршы күрөшүү зарыл. Андыктан биздин өнөктүгүбүз дүйнөгө кеңири жайылган көрүнүшкө - аялдарды кордоп-кемсинтүүгө багытталат. Биздин оюбузча, улуттук өкмөттөр аялдарды коргоо боюнча мыйзам кабыл алып, аны аткарышы шарт.
Филиппиндин президенти Глория Орройо айым аялын жана балдарын уруп-сабаган эркектердин жаза мөөнөтүн узартуу жөнүндөгү мыйзамга бүгүн кол койду. Түштүк Кореяда майрам аялдарды көбүрөөк бала төрөөгө жана экономиканы өйдөлөтүүгө жандуу катышууга чакыруу менен белгиленди.
Багдадда майрамды утурлай аялдардын биринчи борбору ачылды. Иранда бардыгы мындай тогуз борбор ачылат.
Күндүзгү жаңылыктар түрмөгүн даярдаган - Амирбек Азам уулу, Прага