Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:20

Гаитидеги тополоңдо испаниялык журналист окко кабылып, каза тапты

Гаитиде жекшемби күнү болгон тополоңдо алты адам, анын ичинде испаниялык тележурналист набыт болду.
Алар өлкө борбору Порт–о–Пренсте президент Жан-Бертранд Аристиддин бийликтен кетүүсүн майрамдоо учурунда белгисиз куралчан аткан октон өлүштү.
Отуздан ашуун адам, анын арасында Кошмо Штаттарда чыкчу “Флорида” гезитинин кабарчысы жарадар болду. АКШлык жана франциялык аскерлер Порт–о-Пренстин кандуу булоон болгон бөлүгүнө киришип, кырдаалды көзөмөлгө алышты.
Аристид өткөн жумада өлкөдөн мажбур чыгып кеткен.
​
XS
SM
MD
LG