Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:03

“Хьюман Райтс Уоч” уюму америкалык аскерлерди сындады


Адам укугун коргоочу “Хьюман Райтс Уоч” уюму Ооганстандагы америкалык аскерлерди жөнсүз күч колдонот деп сындады.
Башкеңсеси АКШда жайгашкан укук коргоочу уюмдун жаңы жарыяланган докладында америкалык аскерлер 2002-жылдан бери кармалган 1 миң чамалуу оогандар менен чет элдиктерге өздөрүн мыйзамдуу жол менен коргоого мүмкүнчүлүк берилбегени, алардын кээбирлери уруп-сабалганы белгиленет.
Америкалык аскерлердин өкүлү, полковник Брайен Гилферти бүгүн Кабулда жасаган билдирүүсүндө аскерлер “согуш мыйзамын бекем тутушат” деп, “Хьюман Райтс Уочтун” айыптоосун четке какты.

XS
SM
MD
LG