Палестиналык куралдуу топтор Израил аскерлеринен Газа тилкесиндеги кан төгүүсү үчүн өч алышаарын эскертишти.
Жекшемби күнү жөөт аскерлери Газадагы палестиналык качкындардын эки лагерине басып киргенде болгон айкашта палестиналык 14 жаран өлтүрүлгөн. 80ден көп адам жарадар болгон.
Бул Газа тилкесиндеги акыркы 17 айдагы эң чоң канабайрам болду.
Өлгөндөрдүн ичинде “Хамас” уюмунун 9 мүчөсү бар.
Израил бийликтери жортуул “жөөттөргө каршы чабуулду болтурбоо үчүн” жасалганын билдирди. Палестин автономиясынын жетекчилиги чабуулду “мамлекеттик террор” деп атады.