Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:33

МАГАТЭ: Ирандын өзөктүк ишмердүүлүгүн дагы текшерүү зарыл


Бириккен улуттар уюмунун Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиги - МАГАТЭнин башкаруучулар кеңешинин бүгүн ачылган жыйынында Ирандын талаштуу атомдук программасы жана Ливиянын өзөктүк куралдарды жасоодон баш тартуу чечими талкууланат.
Венадагы бу жыйын бир жумага созулат. МАГАТЭнин деректири Мохамед эл-Барадейи жыйындын ачылышында сүйлөп, Ирандын өзөктүк ишмердүүлүгү дагы кылдат текшерилиши зарыл экенин эскертти.

- Ирандын өзөктүк ишмердүүлүгүн текшерип бүткөндөн кийин, маселеге биротоло чекит коюлса, биз сүйүнүчтө болобуз деген ойдомун. Бул иш биздин алдыдагы проблемаларды чечүүбүзгө, айрыкча, Иран менен кызматташуубуздун ийгилигине байланыштуу болот.

Иран былтыр декабрда улуттар уюмунун каруу-жарак инспекциясы менен кеңири кызматташуу жөнүндөгү кошумча протоколго кол койгон.

XS
SM
MD
LG