Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:59

«Мина коркунучун калкка түшүндүрүү» долбоору дагы бир жылга узартылды


БАТКЕН. Кызыл чырым ай коомунун аталган долбоорунун координатору Кыялбек Сабыдовдун 9-мартта "Азаттыкка" билдиргенине караганда, буга Баткендин Өзбекстан менен чектеш аймактарында мина коркунучу дале сакталып турушу себеп болгон. Өткөн жылдан тарта иштей баштаган бул долбоор буга дейре Баткен районундагы Чоңкара, Сай жана Таян айылдарында иштеп, бул айылдардын калкына, өзгөчө мектеп окуучуларына минанын коркунучтуулугу жана андан сактануу жолдору жөнүндө маалымат берүү менен түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн. Мындан сырткары бул айылдарга жакын, мурда эч кандай эскертүү белгилери коюлбаган мина көмүлгөн талааларга атайын көрнөктөр орнотулган. Ал эми быйыл долбоор өз ишмердигин кеңейтип, Өзбекстандын Сох анклавына жакын Газ жана Согмент айылдарында да иш жүргүзө баштады. Өзбекстан тарабынан кыргыз - өзбек чегарасына коюлган минадан 1999-жылдан бери 14 жарылуу болуп андан Баткен облусунун 3 жашоочусу жарадар болуп, экөөсү каза тапкан. Ошондой эле эл бир канча мал- жандан ажырап, жалпысынан 7 млн. сомго жакын чыгым тарткан.

XS
SM
MD
LG