Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:34

Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн Таласта кооптуу жагдай түзүлүүдө


ТАЛАС. Эки күн тынбай жааган кар биринчи кезекте элди электр энергиясы менен камсыз кылууну үзгүлтүккө учуратып жатат. Дебитордук карыздарды төлөгүлө деп өчүрүлүп жаткан себепке эми тал- теректердин сынып түшкөн бутактары электр зымдарын үзүп жатышы кошул-ташыл болуп, Талас шаарында жана айрым айыл-кыштактарда бир нече күн бою жарыксыз калышты. Ал эми жогорку чыңалуудагы 400 чакырымга жакын линияларда үзүлүү катталбагандыгын билдиришти. Өтмөк ашуусуна 25 см. калыңдыкта кар түшкөнү менен эки трактор, бир грейдер карды тынымсыз тазалап, ашуу ачык. Кооптуу жагдай Калба суусунун боюндагы айылдарда түзүлүптүр. Өткөндө сел жүргөндө жапа чеккен Калба, Аксай айылдарындагы суу каптап кеткен 14 үй-бүлөнүн абалы кооптуу. Бүгүн облустук өзгөчө кырдаалдар жана граждандык коргонуу штабынан маалымдашкандай, бир айлык нормадан көп жааган кар эми күн кескин жылып кетсе бүтүндөй облуска коркунуч туудурушу ыктымал.

XS
SM
MD
LG