Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:12

Эларалык уюмдар саясий партиялар үчүн семинарларды уюштурушууда


БИШКЕК. Эртең Конрад Аденауэр фонду тарабынан Кыргызстандагы саясий партиялар үчүн «Саясий партиялардын демократиялык коомдогу орду» деген тема алдында семинар өткөрүлөт. Ушул эле күнү Кыргызстандагы АКШнын Улуттук демократиялык институту «Акыйкат жана прогресс» партиясы үчүн партиялык түзүлүш маселелерине арналган семинарды уюштурат. Жыйында саясий партияларды өнүктүрүүнүн жолдору, партиялардын шайлоого катышуусун активдештирүү, коомдо ээлеген ордун жогорулатууга байланыштуу маселелер талкууланат. Учурда «Акыйкат жана прогресс» партиясынын катарында 3 миңден ашуун мүчө бар. Буга чейин АКШнын улуттук демократиялык институту мындай семинарларды «Эл бийлиги үчүн» шайлоо блогуна, «Элдик конгресс» саясий уюмуна кирген КДК, «Асаба», «Республика», «Эркиндик», «Арнамыс», «Эркин Кыргызстан», Социал-демократиялык жана башка партиялар үчүн өткөргөн.

XS
SM
MD
LG