БИШКЕК. Кыргызстандын Шанхай кызматташтык уюму боюнча улуттук координаторунун милдетин аткаруучу болуп министрликтин Чыгыш өлкөлөрү боюнча башкармалыгынын жетекчиси Кадырбек Сарбаев дайындалды. Ал эми буга чейин бул кызматты аткарып келген Асанбек Осмоналиев - ШКУнун Пекиндеги туруктуу катчылыгында иштемекчи. Бул тууралуу бүгүн тышкы иштер министрлигинен кабарлашты. Жалпысынан Пекиндеги катчылыкта Кыргызстандан үч өкүл иштээри маалымдалган.