Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:37

Аксыда 17-мартта эскерүү митинги өтмөкчү


БИШКЕК. Жалалабад облусунун Аксы районунда 17-март күнү 2002-жылы Аксыда орун алган кандуу окуядан курман болгондорду эскерүү митинги өтөт. Райондун администрациясы тарабынан митинг өткөрүүгө ырасмий уруксат берилди. Бул жөнүндө бүгүн Аксы окуясында жабыр тарткандарды коргоо комитетинен «Азаттыка» маалымдашты. Буга чейин аталган комитет жана Аксы районунун «Энелер» коому Аксынын администрация жетекчилигине 17-март күнү акимчиликтин алдында митинг өткөрүүгө уруксат берүүнү өтүнүп кайрылышкан. 2002-жылдын 17-мартында Аксы районунун Боспиек айылында милиция менен элдин кагылышуусунан 5 адам өлгөн.

XS
SM
MD
LG