Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:48

Дүйнөлүк банктын кезектеги миссиясы келди


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекке Дүйнөлүк банктын Борбор Азия өлкөлөрү боюнча директору Деннис де Трей баштаган миссия келди. Ал ушул эле күнү өкмөт үйүндө президент Аскар Акаев менен жолугушту. Дүйнөлүк банктын Бишкектеги өкүлчүлүгүнөн алынган маалыматка караганда, андан сырткары Деннис де Трей Бишкекте премьер-министр Николай Танаев баш болгон башка ырасмий жетекчилер, донор өлкөлөрдүн өкүлдөрү менен да жолугушуп, административдик жана энергетика тармагындагы реформанын жүрүшү, социалдык жана инвестициялык саясат, аймактагы мамлекеттердин суу-энергетика тармагында кызматташуу тууралуу маселелерди талкуулайт.

XS
SM
MD
LG