Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:44

Парламенттин комитети кыргыз-казак чегарасын ратификациялоону карай баштады


БИШКЕК. Бүгүн Мыйзам чыгаруу жыйынынын коопсуздук комитети кыргыз-казак мамлекеттик чегарасы тууралуу келишимди ратификациялоо маселесин карай баштады. Ага тышкы иштер министри Аскар Айтматов, өкмөттүн аймактык маселелер боюнча бөлүм башчысы Саламат Аламанов катышты. Депутаттар келишим боюнча Талас жана Чүй облусунун аймагынан төрт участоктун Казакстанга берилишин туура эмес деп айтышса, өкмөт өкүлдөрү тескеринче Казакстанга эч кандай участок берилбеген деген пикирди билдирди. Келишимдин мамлекеттик тилдеги текстинин депутаттарга берилбегендиги депутаттардын нааразычылыгын пайда кылды. Ошондуктан депутаттар шейшембидеги талкууну алдын-ала талкуу деп аташып, келишимдин мамлекеттик тилдеги текстти берилгенде маселени комитетте кайрадан кароо тууралуу чечим кабыл алышты. Кыргыз-казак чегарасы тууралуу келишимге 2001-жылы кол коюлган. Казак парламенти ал келишимди ратификациялаган.

XS
SM
MD
LG