Линктер

бейшемби, 21-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 16:41

Москванын соту аквапарктагы кырсыкта жабыр тарткандардын арызын албай койду


МОСКВА. Москванын Черемушки районунун соту аквапарктын чатырынын кыйрашынан жабыркаган төрт кишинин доо арызын кабыл алуудан баш тартты. Жабырлануучулардын адвокаты Игорь Турновдун айтымында, бүгүн арыздарды кабыл албай турган күн болгондуктан "Европа технологиялары жана тейлөө" деген компаниянын үстүнөн жазылган арыздар бейшемби күнү тапшырылат. Аквапаркта 14-февралда болгон кырсыктан 28 киши курман болуп, 100дөй киши жаракат алган.

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG