Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:14

Түштүк Корея Түндүк Корея менен чек арасына кошумча оор аскердик техникасын жайгаштырат


СЕУЛ. Түштүк Корея Түндүк Корея менен чек арасынын узатасына "Т-80У" үлгүсүндөгү танктар менен "БМП-3" үлгүсүндөгү бронетраспортерлорун жайгаштырат. Москва Түштүк Кореяга болгон 2 миллиард долларга жакын карызын 2002-жылы танктар, тик учактар жана башка оор аскердик техника менен төлөп берген. Россияда чыгарылган эски үлгүдөгү аскердик техниканы чек ара аскерлеринде Түндүк Корея дагы пайдаланат. Анын аралыгында, Түштүк Кореяга байланышкан билдирүүсүндө Вашингтон Америка менен Түштүк Кореянын аскерлери ушул айда биргелешкен машыгуу өткөрө тургандыктарын билдирди. Түштүк жана Түндүк Кореялардын 50-53 жылдардагы согушуна байланыштуу кабыл алынган макулдашуу боюнча АКШ Түштүк Кореяда 37 миң аскерин жайгаштырган.

XS
SM
MD
LG