Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:50

Грециянын жаңы премьери олимпиадага даярдык көрүү милдетин өзүнө алды


АФИНА. Грециянын премьер-министри болуп шайланган Костас Караманлис Олимпиадага даярдык көрүү милдетин өзүнө алды. Бүгүн жаңы кабинеттин курамын жарыялап жатып Караманлис олимпиадага даярдык көрүү ишинин өтөлүнө чыгуу үчүн маданият министринин милдетин өзүнө ала турганын билдирди. Мындай чечим август айында өтө турган олимпиадага даярдыктарды ыкчамдатуу зарылчылыгы менен түшүндүрүлөт. Жаңы кабинеттеги портфелдердин басымдуу көбү Караманлистин "Жаңы Демократия" партиясынын ардагерлерине энчисине тийди. Өлкөнүн тышкы иштер министри болуп жаңы премьердин кеңешчиси дипломат Петрос Мольвьятис дайындалды. Жаңы кабинет 19 министрден жана башка 46 жооптуу кызматкерден турат.

XS
SM
MD
LG