Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:16

ЦРУнун жетекчиси Иракта оккупациялык күчтөргө каршы чабуул күчөгөнүн эскертти


АКШнын Борбордук чалгын кызматынын башчысы Жорж Тенет кечээ Сенаттын аскер күчтөрүн тейлеген комитетинде билдирүү жасады. Ал Осама бин Ладен башында турган "ал-Каида" тобу Жакынкы Чыгышта элди Америкага каршы коюуга далалаттанып жатат деп ырастады:
- Oсама бин Ладендин антиамерикалык үгүт-насааты суни экстремисттеринин арасында тездик менен жайылып жатат. Ал-Кайыда жоюлган күндө да анын бузукучулугу жакынкы мезгил аралыгында олуттуу коркунуч келтирет.

Тенеттин ишениминде, исламчы экстремисттер Ирактагы узак мезгилдүү демократиялык процесстерди үзгүлтүккө учуратуу үчүн экстремисттик кыймылды козутуп жатышат.

Таңкы жаңылыктарды даярдаган – Жаңыл Жусубжан, Прага

XS
SM
MD
LG