Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:40

Исламдык Конференция уюму Ирактын өткөөл конституциясына жогору баа берди


Убактылуу баш мыйзамга 8-мартта Багдадда кол коюлган эле. 57 өлкө кирген Исламдык конференция уюмунун баш катчысы Абдел Вахед Белкезиз баш мыйзамды "Иракты жаңылантуу жана анын аймактык биримдигин кепилдөө багытындагы маанилүү кадам" деп мүнөздөдү.
Ирактын убактылуу конституциясын Иран, Саударавия, Иордан, Араб лигасы, Кошмо Штаттары жана Орусия да жактап чыгышкан. АКШнын коргоо министри Доналд Рамсфелд кечээ бул документте ирак элинин түпнегиз укуктары корголот деди:

- Ирактыктардын дин тутуу жана сыйынуу, өз оюн билдирүү, тынчтык мүнөздө жыйын өткөрүү, саясий партия уюштуруу, демонстрация өткөрүү, добуш берүү, мыйзам алдындагы теңдик укуктары камсыздалды. Жынысына, улутуна, динине же тегине карап басмырлоого тыюу салынды.

Өткөөл баш мыйзамды АКШ дайындаган Башкаруу кеңеши долбоорлогон.

XS
SM
MD
LG