Декабрда Европа биримдиги Түркияны мүчөлүккө кабыл алуу боюнча Анкара менен сүйлөшүү баштоо тууралуу чечим кабыл алууга тийиш. Ушуга байланыштуу Түркия Евробиримдиктин талаптарына ылайык баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү пландаштырып жатканын өлкөнүн юстиция министри Жемил Чичек билдирди.