Муну бүгүн өлкөнүн тышкы иштер министри Камал Харрази ырастады. Харразинин айтымында, бул иш Иран менен МАГАТЭнин ортосундагы пикир келишпестиктер чечилер замат кайра улантылат. Эгер Кошмо Штаттары Тегеранга кысым көрсөткөнүн токтотпосо, Иран МАГАТЭ менен кызматташтыгын үзүп салышы мүмкүн, деп эскертти Харрази.