Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:56

Жөөт жана палестин премьерлери 16-мартта жолугушканы жатышат


Италиянын тышкы иштер министри Франко Фраттини билдиргендей, Израилдин премьери Ариэл Шарон менен палестин өкмөт башчысы Ахмед Куреини буга көндүрүүдө Египет президенти Хосни Мубарак өзгөчө активдүү аракеттерди жасаганын белгиледи. Фраттини бүгүн Египетте президент Хосни Мубарак менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, жөөт-палестин чатагын талкуулады. Ушул эле күнү Женинде жөөт аскерлери төрт палестин тургунун атып өлтүрүштү. Израил армиясы алардын баары “Ал-Аксанын азапкерлер бригадасы” деп аталган топтун активисттери болгон жана көптөн бери издөөдө турган деп ырастоодо.

XS
SM
MD
LG