Стамбулда масондордун жергиликтүү бөлүмү жайгашкан имаратта жарылган бомбадан эки адам өлүп,алты киши жарадар болгон эле. Полиция ырастагандай, өлгөндөрдүн арасында бомба жардырган террорчу бар, анын шериги жарадар болду. Былтыр ноябрда террордук кыянатчылыктан Стамбулда алтымыштай адамдын өмүрү кыйылган эле. Стамбулдун шаар башчысы Муаммер Күлер бул иштин ноябрдагы окуялар менен байланышы бар-жогу азыр иликтенип жатканын,алгачкы таныктарга караганда бу жолку кыянат башкача кыяпта жасалганын белгиледи. Кечээги кыянат үчүн жоопкерчиликти эч ким өзүнө ала элек.