Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:55

Таласта “тегерек үстөл” жыйыны өттү


ТАЛАС. 10-мартта Таласта жарандык демилгелерге колдоо көрсөтүүчү «Айкөл» борбору жергиликтүү администрация менен "тегерек үстөл" жыйынын өткөрдү. “Айкөл” борбору өткөн жылдын 26-январында облустук администрациянын жетекчилери менен биринчи жолу "тегерек үстөл" жолугушуусун өткөргөндө эки тараптуу кызматташуу жөнүндө протоколго кол коюлган. Бул күнкү "тегерек үстөлдө" андан берки кызматташуунун ийгилик, кемчиликтери талкууланды. Облус губернатору Искендер Айдаралиев "тегерек үстөлдө" билдирген маалыматтарга караганда, Талас өрөөнүндө 400дөй өкмөттүк эмес уюмдар, миңден ашуун жамааттык бирикмелер 2003-жылы социалдык-экономикалык өнүгүүгө 60 млн. сомдон ашуун салым кошо алган. "Тегерек үстөл" талкуусунун аягында өкмөттүк эмес уюмдар менен облустук бийликтин өкүлдөрүнөн турган өкмөттүк эмес уюмдардын кеңеши түзүлүп, ага 7 адам мүчө болду.

XS
SM
MD
LG