Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:18

Инвестиция тартуунун абалы консультативдик кеңеште каралды


БИШКЕК. Бүгүн чет элдик инвестициялар боюнча Консультативдик кеңештин жыйыны өттү. Президент Аскар Акаевдин төрагалыгы астында болгон жыйында өткөн жылы кабыл алынган инвестициялык төртүнчү матрицанын аткарылышы боюнча премьер-министр Николай Танаев маалымат берди. Анын сөзүнө караганда, ушул кезге чейин 23 бөлүмдөн турган матрицанын 13 бөлүмү ишке ашып, өткөн жылы өлкөгө 133 миллион долларлык тикелей инвестиция келди. Жыйында матрицаны ишке ашыруу боюнча алдыдагы милдеттер тууралуу вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев да маалымат берди. Анын билдирүүсү боюнча, мамлекеттик жөнгө салууну кайра түзүү боюнча жаңы программа ишке киргизилет жана анын негизинде алдыдагы алты ай ичинде 15 мыйзам долбоору иштелип чыгып, парламенттин кароосуна берилет.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG