Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:38

Саламаттык сактоо министрлиги кадр маселеси боюнча "тегерек стол" талкуусун өткөрдү


БИШКЕК. Республиканын алыскы аймактарында, өзгөчө айыл жерлеринде медициналык кадрлар жетишпейт. Учурда ал жерлерде иштеп жаткан дарыгерлердин 70% пенсия жашында. Өлкөдө 7 медициналык жогорку окуу жайы 11 атайын адистештирилген орто медициналык окуу жайы бар. Бирок Жалалабад, Ош, Каракол университеттеринде ачылган медициналык факультеттерде билим берүү деңгээли төмөн. Ал окуу жайларда профессордук-окутуучу адистер жана тиешелүү окуу куралдары жетишпейт. Ал жактарда окуган студенттердин саны көп болгону менен алыскы аймактарда дарыгерлер жетишсиз. Ал эми медициналык окуу жайды бүткөн атайын билими бар дарыгерлер эмгек маянасынын аздыгынан жана жергиликтүү бийликтер тарабынан колдоо көрсөтүлбөгөңдүктөн борбордон алыскы жерлерге барып иштөөнү каалашпайт. Бул тууралуу маселелер бүгүн «Саламаттык сактоо тармагындагы кадр маселелеринин көйгөйү жана келечеги» аттуу семинарда талкууланды.

XS
SM
MD
LG