БИШКЕК. Бүгүн эртең мененки саат жетиден тарта Бишкек-Ош автожолу убактылуу жабылды. Буга автожолго жакын аймактардагы карды жасалма жол менен көчүрүү иштеринин жүргүзүлө баштагандыгы себеп болду. Экология жана күтүүсүз кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, ушул министрлик менен коргоо министрлигинин адистери жолдун 120-138- жана 198-265-чакырымдарында карды замбирек менен атып көчүрүп жатышат жана жол ал иш-чара аяктагандан кийин гана ачылат. Ал эми Бишкек-Торугарт автожолунун 353-чакырымында болгон 600 кубометрлик көчкү тазаланып, жол ачылды. Балыкчы-Каракол автожолунда да кар катуу түшкөндүктөн жолдо жүрүү кыйын болуп, айрым жерлерде электр зымдары үзүлдү. Катуу жааган кар Бишкек-Талас каттамындагы Өтмөк ашуусунда каттоону да кыйындатты.