БИШКЕК. "2002-жылы болгон Аксы окуясына күнөөлүү адамдар жазасын алууга тийиш. Анткени, алар окту аялдарга, балдарга атпастан жаш жигиттерди мээлеп туруп аткан". Мындай пикирин бүгүн Коопсуздук кеңештин катчысы Мисир Ашыркулов Аксы окуясы боюнча парламенттик талкуу маалында билдирди. Мисир Ашыркулов андан тышкары Кыргызстанда качандыр бир кезде адилет сот бийлиги орноп, күнөөлүүлөр жазасын алышына ишене тургандыгын кошумчалады.