Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:17

Жогорку сот Аксы окуясында жабыркагандардын арызын кабыл алды


БИШКЕК. Аксы окуясында жабыркагандардын Республикалык аскер сотунун өткөн жылдын 16-майындагы чечимине нааразылык билдирген аппеляциялык арызы 5-мартта Жогорку сотко берилди. Бул тууралуу бүгүн парламенттик талкууда Жогорку соттун төрагасы Курманбек Осмонов билдирди. Анын айтымында, арыз эми эки айдын ичинде каралышы мүмкүн. Ал эми Мыйзам чыгаруу жыйынынын Аксы районунан шайланган депутаты Азимбек Бекназаровдун айтымында, Аксы окуясында жабыр тарткандар арызды Жогорку сотко 2003-жылдын 12-декабрында жолдошкон. Бирок Жогорку сот ар кандай шылтоолор менен аны албай келген. «Эми гана Аксы окуясы боюнча парламенттик талкуу алдында аппеляциялык арызды алып, кароого мажбур болууда»,-деп билдирди депутат Азимбек Бекназаров. Ал эми аппеляциялык арыз ээлери Республикалык аскер сотунун айыпталгандарды актаган чечимине нааразы экендиктерин билдирүү менен элге ок аткандар такталып, жазалануусун жана айып коюлган беренелер өзгөртүлүшүн талап кылышкан.

XS
SM
MD
LG