Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:51

Жогорку Кеңеште Аксы окуясы талкууга алынды


БИШКЕК. «Аксы окуясы боюнча ачылган кылмыш ишинин адилет жыйынтыкталышына 6 айдын ичинде президент Аскар Акаев өзү көзөмөл кылсын” деген чечим бүгүн Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынында Аксы трагедиясына байланыштуу маселе боюнча парламенттик угууда кабыл алынды. Депутаттардын айтымында, буга Аксы окуясына 2 жылдан бери калыс жыйынтык чыгарылбай келе жатканы себеп болду. Анткени Аксы окуясына күнөөлү деп айыпталган мамлекеттик кызматкерлердин бири да жоопко тартылган эмес. Парламенттик угууда Аксы районунун Боспиек кыштагына жакын жерде 2002-жылдын 17-март күнү куралчан милиция кызматкерлеринин элге ок аткан кандуу окуя тартылган тасма дагы бир жолу көрсөтүлдү. Талкууга окуяны иликтеген андагы мамлекеттик комиссиянын төрагасы, азыркы премьер-министр Николай Танаев катышкан жок.

XS
SM
MD
LG