Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:53

BBG Украин бийлигин эркин маалымат каражаттарын кысмакка алууну токтотуу талабы менен чыкты


ВАШИНГТОН. АКШнын радиотеле берүүлөр боюнча башкаруу кеңеши (BBG) Украин бийлигин “эркин маалымат каражаттарына ыдык көрсөтүп, кысмакка алуу кампаниясын” токтотуу талабы менен чыкты. Кечээ аталган башкаруу кеңеши кабыл алган резолюцияда Украинанын президенттик администрациясынан бийлик тарабынан 3-мартта жабылган “Континент” радиосунун иштешине мүмкүнчүлүк берүүнү талап кылды. “Континент” радиосу “Азаттык”, Би-Би-Си, “Америка абазы” сыяктуу эларалык радиолорду обого чыгарып келген болчу. Эларалык коомчулук жана АКШнын мамлекеттик департаменти аталган радиолордун жабылышын Украин бийлигинин сөз эркиндигине жасаган чабуулу катары баалашууда.

Таңкы жаңылыктар түрмөгүн даярдаган - Кубат ОТОРБАЕВ, Прага шаары

XS
SM
MD
LG