Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:39

Жөөт-палестин сүйлөшүүлөрү качан өтөөрү белгисиз


ОСЛО. Палестин өкмөт башчысы Ахмед Курей кечээ Ослодо сүйлөгөн сөзүндө жөөт-палестин чатагы боюнча алгачкы сүйлөшүүлөр жакшы жыйынтык бергенден кийин гана Израилдин премьер-министри Ариэл Шарон менен жолуга турганын айтты. Ахмед Курейдин билдиргенине караганда, сүйлөшүүлөрдү кийинки аптада өткөрүүгө маакул. Бүгүн Ахмед Курей Парижге келип, Франциянын президенти Жак Ширак менен жолугуп, жөөт-палестин мамилеси боюнча пикир алышат. Жөөт-палестин сүйлөшүүлөрү 16-мартта өтөт деп белгиленген болчу. Бирок чатак ырбап, кишилер окко учуп жаткандыктан, жолугушуу улам артка жылдырылууда. Кечээ Иордон дарыясынын батыш жээгиндеги Женин шаарында Израилдин аскерлеринин огунан 5 палестин набыт болду.

XS
SM
MD
LG