Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:30

МАГАТЭ Иранды уранды байытуу ишин кайра жандантпоого чакырды


ВЕНА. Атом кубаты боюнча эларалык агенттик –МАГАТЭнин жетекчиси Мохаммед эл-Барадей эгер Иран уранды байытуу боюнча иштерин кайра баштай турган болсо ортодо ишенбөөчүлүк пайда болот деп билдирди:

– Учурда алар – Ирандын бийлиги агенттик менен жакшы мамиле түзүп жатышат. Мен келечекте да мындай кызматташтык уланат деп ишенем жана Ирандын баардык программаларын текшерүүгө мүмкүнчүлүк алып, алардын тынчтык максатта гана иштелип жатканына көзүбүз жетет деген ойдомун, - деди МАГАТЭнин жетекчиси.

Кечээ Ирандын тышкы иштер министри Камал Харрази МАГАТЭ менен Ирандын ортосундагы пикир келишпестиктер чечилээр замат уранды байытуу иштерин кайра жандантабыз деген болчу. АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл андан кийин “Ирандын өзөктүк куралдары программасы боюнча Кошмо Штаттардын позициясы катуу бойдон кала берет” деп билдирди.
Бүгүн МАГАТЭнин 35 мүчө мамлекеттринин жыйыны Венада өз ишин улантат.

XS
SM
MD
LG