Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Сентябрь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:05

Гаитиге жаңы премьер-министр келди

ПОРТ–О-ПРЕНС. Гаитинин мурдагы тышкы иштер министри Жерар Лютортю Порт–о–Пренске жаңы өкмөт түзүү максатында АКШдан кайтып келди. Ал Гаитиде өлкөдөн качып кетүүгө аргасыз болгон президент Жан-Бертран Аристиддин тарапкерлери менен каршылаштарын элдештирип, абалды жөнгө салууну көздөөдө. Жан-Бертран Аристид 29-февралда өлкөдөн кеткенден кийин Гаитиге Кошмо Штаттардын 1600дөй аскери киргизилген болчу. Кечээ алар коомдук тартипти бузгандарга ок атууга аргасыз болушту. Анын кесепеттери тууралуу маалыматтар жок.
XS
SM
MD
LG