Кошмо Штаттардын Мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл эгерде ырасмий Тегеран Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик - МАГАТЭ менен кеңири кызматташпаса, анда агенттик Иранга каршы санкция колдонуу жөнүндөгү резолюция кабыл ала алат деген ишеничин билдирди.
Вашингтон Иран бийликтери МАГАТЭ менен тыкыз кызматташпаса, ага каршы катаал санкция колдонуу керектигин талап кылып, бирок мындай чарага Британия, Франция жана Германия каршы чыгууда.
Ирандын МАГАТЭдеги элчиси П. Хусейни АКШнын МАГАТЭге кысым жасоосун сындап, Улуттар Уюмунун агенттигин Вашингтондун “тузагына” илинбөөгө чакырды.
МАГАТЭнин деректири Мохамед эл-Барадейи болсо:
- Азыр Ирандын жетекчилиги агенттик менен өтө жакшы кызматташууда. Агенттик Иран менен кызматташуусун ушу нукта уланта берсе, биз анын уранды байытуу программасы чындап тынчтык максатын көздөөрүн тастыктай алабыз.
Ирандын президенти Мохаммад Хатами МАГАТЭ эгер Тегерандын өзөктүк программасын айыптаган резолюция кабыл алса, анын өкмөтү агенттик менен кызматташууну токтотоорун эскертти.