Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:20

Ооганстанды калыбына келтирүү Бишкекте талкууланат


БИШКЕК. Ушул жылдын май айында Бишкекте «Ооганстандын аймактык кызматташтыгы: Борбор Азия, Иран жана Пакистан» аттуу эларалык конференция болот. Мындай маалымат бүгүн БУУнун Бишкектеги үйүнөн алынды. Ал маалыматка караганда, конференция БУУнун өнүгүү программасынын көмөгү менен өтөт. Анын максаты - Ооганстан менен Борбор Азиядагы мамлекеттердин ортосунда учур талабына ылайык соода байланышын кайра жандандыруу жана Ооганстанды калыбына келтирүү иш-чараларына аймактагы мамлекеттердин катышуу жолдорун аныктоо. Конференцияга Борбор Азия мамлекеттеринен тышкары Иран, Пакистан жана Ооганстандын делегациялары катышат.

XS
SM
MD
LG