Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:16

Кочкордук фермер жөө жүрүшүн улантууда


БИШКЕК. Кочкор районундагы «Бейшенаалы» дыйкан чарбасынын сот адилеттигин талап кылып Кочкордон Бишкекти көздөй жөө жүрүш жасап келаткан өкүлү Калиса Бейшеналиева бүгүн Кемин районуна жетти. Бул тууралуу Калиса Бейшеналиева менен бирге келаткан укук коргоочу Качкын Булатов билдирди. Анын айтымында, үч күндөн бери жөө келаткан фермер аялдын абалына жана анын талабына бийлик жана укук коргоо уюмдарынын бир да өкүлү кызыга элек. Калиса Бейшеналиева «Бейшенаалы» фермердик чарбасына 1995-жылы берилген сарайдын башка бирөөгө мыйзамсыз сатылгандыгына жана ал боюнча берилген доо арыздарды териштирген сотторго нааразылык билдирип Кочкордон Бишкекке жөө жүрүшкө чыккан.

XS
SM
MD
LG