Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:25

Чечен улутундагы аялдар милицияга нааразы


БИШКЕК. Бүгүн Кыргызстандагы чечен улутундагы аялдардын 40тай өкүлү өкмөт үйүнүн алдына пикетке чыгышты. Муну менен алар чечен улутундагы адамдардын өлтүрүлүшү жана аларды тергөөнүн жүрүшүнө бийликтин көңүлүн бурууну максат кылышты. Пикетке чыккан аялдардын бири, чечен улутундагы энелердин комитетинин өкүлү Луиза Хадаловадан алынган маалыматка караганда, пикетке чыгууга акыркы сегиз жыл ичинде чечен улутундагы 13 атуулдун киши колдуу болуп өлүшү жана бир да кылмыштын бети ачылбагандыгы түрткү болду. Анын айтымында, киши өлтүрүүлөрдү иликтөөдө милиция чабалдык кылып, кылмыштын алдын-алуу чараларын жеткиликтүү көрбөй жатат. Кыргызстандагы чечендердин «Бард» аттуу улуттук маданий борборунун төрагасы Ескерхан Эдилбаев да аялдардын пикетке чыгуусуна милициянын кылмышты тергөөдөгү чабалдыгы түрткү бергендигин жана алар нааразы экендиктерин бийлик өкүлдөрүнө буга чейин эскерткендигин билдирди. Ал эми Бишкек шаардык ички иштер башкармасынын башчысынын орун басары Петр Тяблин милиция кылмыштарды иликтеп жаткандыгын жана чечен аялдарынын дооматы негизсиз экендигин билдирди.

XS
SM
MD
LG