Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:06

Түркмөнбашы дин эркиндигине чектөөлөрдү жумшартты


АШХАБАД. Кечээ Түркмөнстандын президенти Сапармурат Ниязов Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысынын жардамчысынын орун басары Линн Паско менен жолугушкандан кийин, атуулдардын дин эркиндигине чектөө эржелерин жумшартты. Түркмөнстандын мамлекеттик телекөрсөтүүсүнүн маалыматы боюнча, президент С. Ниязов диний уюмдар каттодон өтүш үчүн жок дегенде 500 мүчөсү болушу керек деген чектөөнү алып салды. Андан тышкары президент С. Ниязов мындан ары ар бир атуул каалаган учурда Түркмөнстанды эч тоскоолдуксуз таштап, өлкөдөн чыгып кетүүгө да уруксат берди. Мурдагы эрежелер боюнча Түркмөнстандан кетүүнү каалаган адам толгон-токой кагаз толтурууга мажбур болчу.

XS
SM
MD
LG