Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:40

АКШ менен БУУ Испаниядагы террорду айыпташты


ВАШИНГТОН. Америка Кошмо Штаттарынын президенти Жорж Буш Мадриддеги террордук чабуулду айыптап, Испан элинин аза кайгысын тең бөлүштү.

– Мен Испан өкмөтүнүн террорго каршы, баск жикчилдеринин ЭТА террордук уюмуна каршы күрөшүн жогору баалайм. Кошмо Штаттары силер менен! – деди Жорж Буш кечээ Испаниянын премьер-министрине көңүл айткан сөзүндө.

Бириккен улуттар уюмунун баш катчысы Кофи Аннан дагы Мадриддеги канабайрамды барып турган ташбоорлук деп атап, террорчулардын эртелеп кармалып, өз жазасын алышын каалады:

– Террорго кимдер кандай гана баа берип, аны актабасын, менин оюмча, бул баарына түшүктүү болуш керек – жазыксыз өмүрлөрдү жайроо баары бир террорчулук болуп эсептелет жана аны эч нерсе менен жууй албайсың. Бул – абийирге туура келбеген иш жана буга бул жердеги - Улуттар уюмунун кеңсесиндеги баардык адамдар макул болот деп ойлойм, - деди Кофи Аннан Испания элине көңүл айтып.

XS
SM
MD
LG